mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда кар. Министрлик алыс жолго чыга турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат

Бүгүн, 10-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Түп-Кеген жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел менен Төө-Ашууда жааган кар жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттик материалдар чачылып жатат. Ал эми Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кар жаап бороон болууда, каттам бар.

Баса белгилей кетчү жагдай, чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар  жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.

Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы