mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Асфальт төшөө, айлананы тазалоо, жол белгилерин актап, сырдап, алмаштыруу… Жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү

Ош облусуна караштуу Ош – Мамажан (Маданият-Мамажан) унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жалпы 3 чакырым узундуктагы жолдун учурда 700 метр жери жасалды.

Ак-Суу районундагы Челпек айылынын жолуна асфальт төшөлүүдө.

Ат-Башы районундагы ички көчөлөрдү асфальттоо жумуштары башталды.

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (жаңы багыты) кооптуу бурулуштарына жарык берип, түн ичинде алыстан көрүнө турган шпилькалар орнотулууда.

Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 13-чакырымында жол жээги кеңейтилип жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 221-271-чакырым аралыгында жол боюндагы сигналдык мамычаларга жарык берүүчү ленталар чапталды.

Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда жол четине ыргытылган таштандылар тазаланды.

Нарын-Баетов унаа жолунун 14-83-чакырым аралыгындагы жол белгилерин актап, сырдап, айлананы тазалоо иштери жүрдү.

Бөкөнбаев-Тосор-Жылуу-Суу унаа жолундагы Тосор ашуусунун жолу тазаланып, тегизделди.