mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерин актап, сырдап, алмаштыруу… Жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү

Нарын шаарынын ички жолдоруна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынын жолуна асфальт жаткыруу жумуштары башталды (4 чакырым жол асфальтталат).

Балыкчы-Ананьево- Каракол унаа жолунун жээги тазаланды.

Манас унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жалпы 3 чакырым жолго асфальт жаткырылат.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөр жамалды (29,5- чакырым).

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 140-150-чакырым аралыгындагы жол белгилерин жаап калган бутактар кыркылды.

Баетов-Макмал унаа жолунун 4-10-чакырым аралыгына шагыл төгүлүп жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 9-18-чакырым аралыгындагы жол сызыктары сырдалды. Ошондой эле аймакты тейлеген жолчулар аң-чөнөктөрдү жамоо иштерине даярдык көрүп жатышат.

Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденциясынын жолу оңдолууда.

Бишкек-Ош унаа жолунун 315-427-чакырым аралыгындагы аң-чөнөктөрдү жамоо, жол белгилерин актоо, сырдоо жумуштары жүрүүдө.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы