mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерин актап, сырдап алмаштыруу… Өлкөдө жол иштери кызыды

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат. Жолдун 3,8-18,3-чакырым аралыгындагы тилкелер оңдолууда. Жалпы 5 чакырым жер жасалат. Бүгүнкү күндө 2 чакырым 300 метр жолго асфальт төшөлдү.

Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Быйыл жалпы 14 чакырымды түзгөн унаа жолдун 3 чакырымын асфальттоо каралган. Учурда 550 метр жол жасалды.

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыт) 195-207-чакырым аралыгын (Баткен-Боз-Адыр унаа жолу) асфальттоо жумуштары жүрүп жатат.

Нарын облусунун Баетов-Макмал унаа жолунун 4,5-10-чакырым аралыгында да асфальт төшөө иштери жүрүп, учурда бир чакырым 400 метр жол жасалды. План боюнча жалпы 6 чакырым оңдолот.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 86-88-чакырым аралыгына битум менен шагыл аралашмасы төшөлүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көпүрөлөрдү актап, сырдоо иштери жүрүп жатат.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда суу жеп кеткен жерлер жана түтүкчөлөр ондолуп, калыбына келтирилүүдө.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы