Асфальт–бетон төшөө иштеринин аткарылышы боюнча маалымат
- 616 просм.
Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана тейлөө иштери жүрүп жатат. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы иштердин аткарылышы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын 2022–жылга карата титулдук тизменин планына ылайык:
Жалал–Абад облусу
▫️Токтогул–Беш–Таш унаа жолунун 12+100 км 12+830 км чейин асфальт–бетон төшөө иштери аяктады. Узундугу 0,730 км. Аткаруучу: №23 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ)
▫️Комсомол–Барпы–Туркабад унаа жолуна асфальт–бетон төшөө иштери жүргүзүлүп жатат. План боюнча – 1,7 км. Азыркы учурда 1,6 км бүттү. Аткаруучу №22 ЖТИ
▫️Жалал–Абад–Казарман жолунун 46–48–чакырымында эски асфальт-бетон төшөлмөсүн алуу иштери жүрүп жатат. План боюнча – 2,6 км асфальт–бетон төшөлөт. Аткаруучу: №31 ЖТИ
▫️Акбаш–Бостон унаа жолунда асфальт–бетон төшөө иштери жүрүп жатат. Титулдук тизменин планы боюнча – 1,3 км. Бүгүнкү күндө 0,200 км аткарылды. Аткаруучу: №52 ЖТИ
Ош облусу:
▫️Гүлчө–Арпа–Тектир–Кабланкол унаа жолунда (2–км баштап 3–км чейин) асфальт негизин таптоо иштери жүрүп жатат. План боюнча – 1 км. Аткаруучу: №959 ЖТИ.
▫️Гүлчө–Корул–Суукдөбөс унаа жолунун 11,4 – 12,4 чакырымында жерди тегиздөө иштери жүрүп жатат. 1 км асфальт–бетон төшөө иштерин бүтүрүү пландалууда. Аткаруучу: №959 ЖТИ
▫️Мырзаке–Кара–Кулжа–Алайку унаа жолунун 42 км баштап 45 км чейинки эски асфальт-бетон төшөлмөсүн алуу иштери жүрүп жатат. План боюнча — 2 км асфальт–бетон төшөлөт. Сүрөтчү: ДЭП №26
Чүй облусу:
▫️Сокулук–Камышановка унаа жолунун 46–48–чакырымында эски асфальт–бетон төшөлгөн жерин разборкадоо иштери жүрүп жатат. План боюнча — 1 км төшөлөт. Аткаруучу: №1 ЖТИ
Ысык–Көл облусу:
▫️Бозчук – Жыргалаң шахтасы унаа жолунун 3–4 км аралыгында жер жумуштары жүрүп жатат. План боюнча — 1 км асфальт-бетон төшөлөт. Аткаруучу: №11 ЖТИ.
Каракол–Эңилчек унаа жолунда узундугу 0,4 км (400 метр) асфальт–бетон төшөө иштери аяктады. Аткаруучу: №11 ЖТИ
Мамлекеттик капиталдык салымдардын беренесинин негизинде
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы боюнча 2022–жылга карата:
Ысык–Көл облусу:
▫️Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 190,5 км–194 км чейинки эски асфальт–бетон төшөлмөсүн алуу иштери жүрүп жатат. План боюнча — 3,5 км. Азыркы күндө 0,6 км аткарылды. Аткаруучу: №1 ЖТИ
Ош облусу:
▫️Мырзаке–Кара–Баткак унаа жолундагы эски асфальт–бетон төшөлмөсүн алуу иштери аяктоодо. План боюнча – 5 км. Аткаруучу: №5 ЖТИ
Баткен облусу
▫️Баткен–Карабак унаа жолуна асфальт–бетон төшөлмөсүн орнотуу иштери жүрүп жатат. План боюнча – 7 км. Азыркы учурда – 1,740 км аткарылды . Аткаруучу: №2 ЖТИ
КР ТжКМ басма сөз кызматы