Араван районунун Ош-Араван-Чекабад мамлекеттик маанидеги автожолунун 6,5-7,5 — чакырым аралыгында асфальт тѳшѳѳ иштери аткарылууда
- 452 просм.
Ош-Араван-Чекабад мамлекеттик маанидеги автожолунун 6,5-7,5 чакырым аралыгында №44-Жол тейлѳѳ мекемесинин (ЖТМ) күчү менен планда каралган 1 чакырым узундуктагы жол тилкесин асфальттоо иши жүргүзүлүп жатат. Асфальт тѳшѳѳ иштери жүрүп жаткан жолтилкесинде үзгүлтүксүз транспорт каттамы камсыз болууда. Аткарылып жаткан жумуш тууралуу № 44- ЖТМнин жетекчиси А.Алибаев жана башкы инженери К.Исмановдун билдирди.
Иш аткарууда 4 автосамосвал, 1 асфальтѳшѳгүч (асфальтоукладчик), 2 таптагыч, 10 жумушчу иштеп жатат.
Пресс-кызмат