mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Арал транспорттук көзөмөл постунун 272 чакырымында жүк ташуучу автотранспорттун өтүүсүнө чектөө киргизилген

2023-жылдын 12-ноябрында саат 20:00дон тарта Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал транспорттук көзөмөл постунун 272 чакырымында жүк ташуучу автотранспорттун өтүүсүнө чектөө киргизилген. Чектөө Бишкек-Ош автожолунун ашуу участкаларынан автотранспорттун башка түрлөрүнүн тоскоолдуксуз өтүүсүн жөнгө салуу максатында киргизилди.

Көбүнчө кар чынжырлары жок жүк ташуучу унаалар, жайкы дөңгөлөктөр менен жолдун боюна токтоп тыгындарды пайда кылууда. Мындан улам Бишкек-Ош унаа жолунун түштүк тарабынан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

Эске сала кетсек, Ала-Бел ашуусунда кар бороону байкалып, жолдун бул бөлүгүн каптаган. Буга карабастан, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Ала-Бел ашуусунда тазалоо иштерин улантышууда жана тайгаланууга каршы инерттик материалдарды чачууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуу участкаларына чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, кар чынжырларын жана өзгөчө кырдаалда колдонуу үчүн күрөктү алып жүрүүгө чакырат. Карды тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу менен алектенген атайын техниканын ишине тоскоолдук кылбоо үчүн автотранспорттун каршы тилкеге чыгуусуна да катуу тыюу салынат.

КР ТжКМ басма сөз кызматы