mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Алыскы Тогуз-Торо районунун айрым көчөлөрүнө асфальт төшөлдү

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мамлекеттик  маанидеги унаа жолдор менен бирге эле жергиликтүү маанидеги жолдорду да оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

Атап айтканда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району боюнча айрым көчөлөргө асфальт төшөлүп, колдонууга берилди.

Аларга кыскача токтоло кетсек, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү.  Т. Жээналиев көчөсүндө  1200 метр жерге асфальт төшөө иштери жүрүүдө, учурда анын  1000 метри бүткөрүлдү.   Киров-Өрнөк-Дөдөмөл унаа жолунун 870 метр жерине асфальт төшөлүп, колдонууга берилди. Жогоруда аталган көчөлөр  үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, аны  Сармат ЖЧКсы жасады.