mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Алыскы айыл-кыштактардын жолдору ирети менен жасалып баштады

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мамлекеттик маанидеги унаажолдор менен гана чектелбестен, чакан шаар жана айыл-кыштактардагы ички жолдордун да абалын жакшыртууга көңүл бурууда.
Анткени, өлкөбүздөгү унаажолдорду калыбына келтирүү жана аларды тийиштүү деңгээлде күтүүгө көзөмөлдү КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаев күчөткөнү, бул тармакта көзгө көрүнөрлүк жылыштар болууда. Алсак, алыскы Жалал-Абад облусунун Базар Коргон районунун Бешикжон айылынын ички көчөлөрүнө да асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлө баштады.
Жалпысынан 750 метрди түзгөн бул участокко асфальт төшөө пландаштырылып, учурда айылдын көчөлөрү тегизделип, шагыл төгүлүүдө.
Жеринде КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” ишканасынын Жалал-Абад облусу боюнча филиалынын жолчулары иштеп жатышат. Жолчулар бул жолду 10 күндүн ичинде бүтүрүүнү пландаштырышууда.

 

 

 

 

 

.