mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Алмазбек Байсопуев «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Алмазбек Байсопуев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын   директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кече, 6-декабрда А. Байсопуевди эмгек жамаатка Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Т. Солтобаев тааныштырды.