Алдыдагы беш жылдыкта Кыргыз Республикасынын жарандык аймактык аэропортторун модернизациялоо жана реконструкциялоо каралууда
- 319 просм.
Алдыдагы беш жылдыкта 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашырууга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык аймактык аэропортторун модернизациялоо жана реконструкциялоо каралууда. «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун аракети менен Баткен районундагы «Баткен» аэропортунун элементтерин реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
«Ош» Эл аралык аэропортунан жүк терминалын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси да чечилүүдө. Ошондой эле, «МАМ» ААКсы «Баткен» аэропортунун учуп-конуу тилкесинин тротуарын, такси жолун жана аэродромдун перрондорун реконструкциялоону жана жаңылоону пландаштырууда.
Учурда дефект актысы, эсеп-кысап, локалдык сметалык жана техникалык тапшырмалар түзүлдү. Тиешелүү документтер даярдалгандан кийин «МАМ» ААК аэродромдун элементтеринде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн башкы подрядчыны тандоо боюнча тендер жарыялоону пландаштырууда.
Ошондой эле, аэродромдун элементтерин реконструкциялоо жана Каракол аэропортунда аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалууда. Учурда «МАМ» ААК «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууда. Долбоордун биринчи этабы боюнча Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынды.
Долбоорлоочу уюм тарабынан Каракол аэродромунун элементтерин реконструкциялоонун учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу жана аэродромду жарыктандыруучу жабдуулар менен жабдуу боюнча долбоордук-сметалык документтери иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, Нарын аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушунун долбоордук-сметалык документтерин тактоо иштери аяктады. Учурдагы аэровокзалдын бир бөлүгүн демонтаждоо иштери жүргүзүлүп, ага ылайык Нарын аэропортунун жаңы аэровокзалын курууга өзүнчө жер тилкеси даярдалууда.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы