mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аймактын транспорт көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүлөрү жол тармагындагы укук бузууларды аныкташып, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктарынын инспекторлору   өз ишмердүүлүктөрүн штаттык режимде жүргүзүшүүдө.

Ар бир аймактын транспорт көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүлөрү  оор жүк  ташуучу унаалардын документтерин жана мыйзамда көрсөтүлгөн максималдык салмагын текшерет.

Эгерде көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүлөрү  айдоочулар тарабынан кандайдыр бир укук  бузууларды аныкташса, жеринде протокол түзүшүп, мамлекеттин эсебине айып пулдарды өндүрүшөт. Мындай көзөмөлдүн негизги максаты  салынган жолдордун сапатын сактоо жана талкалоого жол бербөө болуп саналат.

Алсак, кече 21-сентябрда Баткен аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан 43 оор жүк ташуучу  9 жүргүнчү ташуучу транспорт каражаты текшерилди. Анда 3 укук бузуу катталып, 1 айдоочуга 181-берененин  ал эми 2 айдоочуга 440-берененин негизинде айып пулдар салынды. Ал эми  жалпы каражаттын суммасы 23500 сомду түздү. Ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 900 сом өндүрүлдү.

Бүгүн, 22-сентябрда  Ош облусунун  Кара-Суу районунун Каратай көзөмөл  пунктунда 46  автотранспорт каражаты текшерилип, 2 протокол түзүлдү.  Ош облусунун Өзгөн районунун Жаны-Арык көзөмөл  пунктунда 11 автотранспорт каражаты  катталды жана 3 мыйзам бузуу аныкталып  протокол түзүлдү.

22-сентябрда  Баткен аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан 46 оор жүк ташуучу  3 жүргүнчү ташуучу транспорт каражаты текшерилди. Анда 4 укук бузуу катталып, 1 айдоочуга 181-берененин негизинде , 1 айдоочуга 440-берененин негизинде ал эми 2 айдоочуга 199-берененин негизинде айып пулдар салынды. Ал эми  жалпы каражаттын суммасы 26500сомду түздү. Ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 3556 сом өндүрүлдү.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин  басма сөз  кызматы