mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айдоочулардын эсине! Төө-Ашуудагы туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет

Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы туннелдин жолун жаңылоо иштерине байланыштуу 12-июлдан тарта унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабык болот.

Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 18-июлга чейин киргизилет.
Бул күндөрү туннелдин эски асфальтын сыйрып, жаңы асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлөт.

Белгилей кетсек, азыркы тапта туннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо, сырдоо процесси аяктап, туннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жыйынтыкталды.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы