Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүрөт
- 205 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 17-октябрынан 20-октябрына чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
КРдин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.
Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы