mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айдоочулардын эсине! Ашуулардагы абал тууралуу билип алыңыз

Аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин убактылуу жабылган жолдордун тизмеси:

Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү жабык.

Ысык-Көл облусундагы Боз-Шахта-Жыргалаң унаа жолу (13-15-чакырым аралыгы) жабык.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу жабык.

Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу жабык.

Түп-Кеген унаа жолунун Сары-Тологой-Токтоян тилкеси жабык.

Аталган жолдордо тазалоо иштери бороон басылар замат башталып, инерттик материалдар чачылат.

Ошондой эле, Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда (45-101-чакырым аралыгы) жааган кардын калыңдыгы 1-1,5 метрге жетти. Учурда бороон басылып, жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жолдор тынымсыз тазаланып, инерттик материалдар үзгүлтүксүз чачылууда.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы