mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айдоочу, ашуулардагы абал тууралуу билип алыңыз!

Бүгүн, 9-январга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо каттам бар. Ал эми Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда бороон болуп жатат, жол ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары жолчулар тарабынан:

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 290-305-чакырым аралыгындагы тоңгон көпүрөнүн музун чагып, суусун агызуу жумуштары жүрүүдө.

Түндүк-Түштүк унаа жолунун (Казарман-Арал тилкеси) 243-296-чакырымында жолго түшүп калган таштарды тазалоо иштери менен тайгак тилкелерге инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлдү.  

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун (0-26,1-чакырым аралыгы) чети жана эс алуу аянтчалар таштандыдан тазаланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы