mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аба ырайына байланыштуу ашуу аймактарына чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, кар чынжырчаларын алып жүрүүнү жана жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн ашууларда каршы тилкеге ​​чыкпоону суранабыз. 

Кыргызгидромет билдиргендей, 2022-жылдын 19-ноябрында түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан,  Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, кар жаашы күтүлөт. Чүйдүн тоолуу райондорунда, жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолу өрөөндөрүндө кар , Чүй облусунун жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык зонасында жаан-чачын күтүлбөйт.Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба ырайына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну,  жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн ашууларда каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайбыз.
ТжКМни ошондой эле унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө дөңгөлөктөргө чынжыр тагынуу суранат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы