Калмак-Ашуу ашуусунда жолчулар кар күрткүлөрдү тазалашууда
- 486 просм.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин жолчулары Калмак-Ашуу ашуусунда кар күрткүлөрдү тазалай башташты, ал үчүн атайын техника пайдаланылууда. Ал эми Ача-Кайынды-Май-Босого, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жергиликтүү маанидеги жолдордо профилировка иштери аткарылууда.
Ошондой эле, жолчулар жол четтерин таштандылардан тазалап, жол белгилерин жаныртып сырдап, акташууда.
Бүгүн 6-майда министрлик тейлеген жолдордо бардык каттамдар ачык, ал эми Чапчыма ашуусунда жана Красная Горка-Акташ унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
- ВКонтакте
- РћРТвЂВВВВВВВВнокласснРСвЂВВВВВВВВРєРСвЂВВВВВВВВ
- РњРѕР№ Р В Р’В Р РЋРЎв„ўР В Р’В Р РЋРІР‚ВВВВВВВВРЎР‚
- Blogger
- Tumblr
- Viber
- Skype
- Telegram