mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

“Токтогул — Беш-Таш” автожолунун 21 километри асфальтталды 

“Токтогул – Беш-Таш” автожолунун жалпы 55 километрин капиталдык оңдоо пландалган. Быйылкы жылы анын 21 километрине биринчи катмар асфальт төшөө иштери аткарылды. Жол III–IV категорияга кирет. Жолдун туурасы 8–10 метрди, асфальттын  туурасы 7 метрди түзөт. Долбоордун алкагында 100гө жакын суу өткөрүүчү түтүк орнотулду.

Аталган автожолдо асфальт төшөөгө жолдун негизин даярдоо үчүн жер жумуштары 70%га аткарылды.  Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулду. Курулуш иштери кийинки жылы  жаз айынан баштап кайрадан улантылат.

“Токтогул – Беш-Таш” автожолун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Президенттин стабилдештирүү фондунан атайын каражат бөлүнүп берилген. Курулуштун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы