Курбан-Кара – «Ынтымак» өткөрмө пункту автожолунун 7.5 километри асфальтталууда
- 101 просм.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Курбан-Кара – «Ынтымак» өткөрмө пункту автожолунун 7.5 километр тилкесинде реконструкциялоо иштери үзгүлтүксүз уланууда. Учурда жолду асфальт төшөөгө даярдоо үчүн жер жумуштары аткарылып, асфальт төшөө иштери башталды. Долбоорго ылайык, автожол төрт тилкелүү болуп, жалпы туурасы 25 метрди түзөт. Ошондой эле жол боюнда ирригациялык арыктарды куруу жана калктуу конуштарда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды салуу каралган.
Курулуш иштерине жалпысынан 42 атайын техника жана 56 жол кызматкери тартылган.
Автожолду жаңылоо аймактагы транспорттук байланышты жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана өткөрмө пунктуна баруучу каттамдын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы