Кызарт ашуусунда жаңы жол тейлөө пункту пайдаланууга берилди
- 11 просм.
Балыкчы – Жалал-Абад автомобиль жолунун (Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу) 107-чакырымында, Кочкор–Жумгал жолундагы Кызарт ашуусунда жол тейлөө кызматкерлери үчүн жаңы пункт ишке кирди. Жаңы имаратта жол тейлөө кызматкерлеринин иштөөсү жана эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Атап айтканда, иштөө жана эс алуу бөлмөлөрү, жылынуучу жана тамактануучу жайлар каралган. Мындан тышкары, атайын жол тейлөө техникаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында жылытылган гараждар курулган.
Белгилей кетсек, Балыкчы–Жалал-Абад альтернативдүү автомобиль жолунун үч тилкесинде жол тейлөө пунктун куруу каралган. Калган эки объекттин курулушу да аяктоо алдында турат. Алар Тогуз-Торо районунун аймагындагы 260-чакырымда жана Сузак районундагы 357-чакырымда жайгашкан. Аталган пункттарды куруунун негизги максаты – жол тейлөө кызматкерлерине татыктуу эмгек шарттарын түзүү, атайын техникалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана автомобиль жолдорун аба ырайынын шарттарына карабастан жылдын төрт мезгилинде тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү.
Ошондой эле курулуш иштеринде мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулган. Долбоордук наркы 210 миллион сомдон ашык болгон объекттерди кошумча инженердик иштер менен бирге болжол менен 140 миллион сомго бүткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

