Транспорт министрлигинде гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму өттү
- 7 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде гендердик теңчиликти колдоо жана илгерилетүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйынга Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков, ошондой эле министрликтин алдындагы мекеме жана ишканалардын адам ресурстары менен иштөө бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Отурум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 96-т тескемеси менен бекитилген “Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2026–2027-жылдарга улуттук иш-аракеттер планын” ишке ашыруу, ошондой эле министрликтин “Транспорттогу аялдар (WiT): Аялдарды лидерлер жана кызматкерлер катары алга жылдыруу” глобалдык эл аралык тармагына мүчөлүгүнүн алкагында уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндө № 353 буйрук менен бекитилген иш-чаралар планы, жумушчу топтун милдеттери жана алдыдагы иштери талкууланып, тапшырмаларды өз убагында аткаруу жана квартал сайын отчет берүү маселелери каралды. Белгилей кетсек, план гендердик теңчиликти камсыз кылууга жана аялдардын транспорт тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы