Салмак-өлчөмдүк көзөмөлдөө системасын модернизациялоо боюнча миссиянын жыйынтыгы чыгарылды
- 35 просм.
2026-жылдын 25–31-октябрь күндөрү транспорт каражаттарын салмак-өлчөмдүк көзөмөлдөө системасын модернизациялоо жана автоматташтыруу боюнча эл аралык эксперттик миссия өткөрүлдү. Миссия Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Expertise France уюмунун колдоосу менен уюштурулуп, аны салмак-өлчөмдүк көзөмөлдөө жана кыймыл учурунда таразалоо (WIM) технологиялары боюнча эл аралык эксперт Баки Куран жетектеди.
Миссиянын жүрүшүндө эксперттер министрликтин жетекчилиги жана тиешелүү адистери менен жолугушуп, Ак-Тилек жана Кемин салмак-өлчөмдүк көзөмөлдөө постторунун иши менен таанышты. Ошондой эле көзөмөл системасын жөнгө салуу, каржылоо жана мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу маселелери талкууланды. Жыйынтыктоочу презентацияга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б.А. Момбеков жана Expertise France долбоорунун жетекчиси Я. Блинки катышты. Анда эксперттер учурдагы системаны изилдеп, автоматтык таразалоо жана мыйзам бузууларды каттоо технологияларын киргизүү боюнча сунуштарын тааныштырышты.
Миссиянын жыйынтыгында автоматташтырылган салмак-өлчөмдүк көзөмөлдөө системасын түзүү боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды. Системаны модернизациялоо жолдордун сакталышын камсыздоого, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы





