mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бүгүн жол тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, бир күндө 50дөн ашык автомобиль жолунун ачылышы болду

Бүгүн, 30-октябрда, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтин кызматкерлери жана тармактын ардагерлери катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев акыркы беш жылда өлкөдө жол куруу иштеринин көлөмү кыйла өскөнүн белгиледи. Ошондой эле бүгүнкү күндө айылдардын көчөлөрүнө да асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, жол тармагында эмгектенген кызматкерлердин салымын баса белгиледи.

«Азыр айылдардын көчөлөрү асфальттана баштады. Жакында айылдардагы жаңы асфальт төшөлгөн көчөлөрдүн ачылышын өткөрө баштайбыз. Айрыкча жаңы жолдор менен кошо айылдарга да көрк кирүүдө. Элдин жүрүм-туруму, жашоо образы өзгөрүүдө. Демек, Транспорт министрлигинин жол куруу менен бирге элибиздин жашоо маданиятынын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө, урбанизация багытынын өзгөрүшүнө түздөн-түз таасир этип жатканын баса белгилегим келет», — деди Адылбек Касымалиев.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкөдө транспорт жана жол чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, буга мисал катары быйыл өлкө боюнча 1 800 чакырымдан ашык автомобиль жолуна асфальт төшөлгөнүн айтты.

 «Жыл сайын жол тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмү эбегейсиз көбөйүп, быйыл 60 млрд сомдон ашты. Мунун аркасында өлкөбүздүн бардык аймактарында жолдор курулуп, жол тармагынын өнүгүшүнө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Мисалы, быйыл 1 800 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөө иштери аткарылды. Бул — жол тармагында жүргүзүлүп жаткан иштердин жана ар бир кызматкердин талыкпаган эмгегинин маанилүү жыйынтыгы», — деди министр.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында өлкөнүн бир катар аймактарында быйыл курулган жана оңдолгон 50дөн ашык автомобиль жолунун ачылышы онлайн форматта ачылды. Ага Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев катышып, жолдордун пайдаланууга берилишине онлайн түрдө старт беришти.
Ачылган жолдордун катарында Сузак–Каду, Арашан–Чуңкурчак,Жайлоо Кырчын жана Лебединовка-ГЭС-5 автомобиль жолдору бар.

Мындан тышкары,иш-чарада  транспорт жана жол чарба тармагында үзүрлүү эмгектенип, тармактын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө тармактын жетишкендиктерин чагылдырган маалыматтык видео көрсөтүлүп, майрамдык концерттик программа тартууланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагында аймактар аралык байланышты жакшыртуу максатында жол курулуш иштерин уланта берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы