Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылды
- 30 просм.
Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынган 52 даана атайын техника жана унааны тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана министрликтин кызматкерлери катышты.
Сатып алынган атайын техникалар автомобиль жолдорун куруу, оңдоо, күтүү жана тазалоо иштеринде пайдаланылат.
Алардын катарында самосвалдар, кош кабинасы бар жүк ташуучу унаалар, суу чачуучу жабдуусу бар суу ташуучу унаалар, вакуумдук жол тазалоочу машиналар, экскаватор-жүктөгүчтөр, автогрейдерлер, асфальт кесүүчү унаалар, жол белгилерин түшүрүүчү унаалар, жеңил үлгүдөгү пикаптар жана башка атайын техникалар бар.
Алсак, Кыргызстанда чыгарылган «Тулпар моторс» заводунан 19 даана
JAC T9 үлгүсүндөгү пикаптардын 7 даанасы облустук башкармалыктарга, 4 даанасы «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институтуна (КДТП), ал эми 8 даанасы Барскоон–Бедел багытындагы иштерге бөлүштүрүлөт.
Мындан тышкары, жыл аягына чейин «Шумкар» ачык акционердик коому аркылуу жол чарбасына арналган дагы 37 даана атайын техника сатып алынат.
Ошондой эле Борбордук Азиядагы аймактык жол каттамдарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасынын (ПУРПС ЦА-3) алкагында 66 даана жол-эксплуатациялык техника сатып алуу каралган. Учурда аталган техникалар чек арада турат. Жакынкы күндөрү Кыргызстанга жеткирилери күтүлүүдө.
Жалпысынан 2026-жылдын аягына чейин 155 даана атайын техника алуу пландалууда.
Ал эми бул жаңы техникалар министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жол чарба кызматкерлеринин ишин жеңилдетүүгө жана автомобиль жолдорун куруу, оңдоо, күтүү иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Техникалар аймактардын муктаждыктарына жараша бөлүштүрүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



