Транспорт министрлиги окуу жайлар менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол койду
- 128 просм.
Бүгүн, 23-октябрда, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду.
Документтер транспорт тармагы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, билим берүү мекемелери менен тармактык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана кадрларды даярдоодо практикалык багытты күчөтүүгө багытталган.
Меморандумдарга Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейинин директору Альберт Колопов кол коюшту.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев меморандумдарга кол коюу кызматташуунун башталышы экенин белгилеп, жетишилген макулдашууларды практикалык иштерде ишке ашырууга ишеним артыларын билдирди. Анын айтымында, транспорт тармагын өнүктүрүүдө квалификациялуу кадрларды даярдоо өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта билим берүү мекемелери менен биргеликте иш алып баруу адистердин кесиптик даярдыгын жакшыртууга жана тармактын талаптарына жооп берген кадрларды даярдоого өбөлгө түзөт.
Ал эми меморандумдарга кол коюу И. Раззаков атындагы КМТУда «Кыргыз Республикасындагы транспорт тармагынын абалы жана транспорт тармагынын адистерин даярдоо» темасында өтүп жаткан эл аралык илимий семинардын алкагында уюштурулду.
Семинарга мамлекеттик органдардын, ата мекендик жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын, илимий чөйрөнүн жана транспорт компанияларынын өкүлдөрү, анын ичинде Россия, Казакстан жана Гонконгдон келген адистер катышты.
Семинардын программасында эки тематикалык секция каралган. Аларда автомобиль жана авиация транспортундагы инновациялар, санариптештирүү жана логистика, транспорттук курулуш, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана инженердик билим берүүнү өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, министрлик транспорт тармагын өнүктүрүүдө кесипкөй кадрлардын маанилүүлүгүн эске алуу менен билим берүү мекемелери жана тармактык уюмдар менен кызматташууну бекемдөө, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу багытындагы иштерди улантууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

