Зардалыга баруучу 6,4 чакырым жол асфальтталып, алыскы айылдын жол түйшүгү жеңилдеди
- 51 просм.
Титулдук тизмеге ылайык, быйыл аталган тилкени асфальттоо пландалган.
Бүгүнкү күндө № 2 Жол эксплуатациялоо мекемеси белгиленген жумуштарды толугу менен бүтүрдү.
Жолдун оңдолушу алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетип, жол жүрүү шарттарын жакшыртууга өбөлгө түздү.
Буга байланыштуу айыл тургундары Президент Садыр Жапаровго жана жолчуларга ыраазычылык билдиришти.
Жол оңдоо иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
