Кыргызстандык жана чехиялык компаниялардын бизнес-жолугушуусу өттү
- 36 просм.
2026-жылдын 14-октябрында Бишкек шаарындагы «Ырыс-Ордо» конгресс-холлунда Кыргыз Республикасы менен Чехия Республикасынын транспорт тармагындагы ишкердик байланыштарын чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бизнес-жолугушуу өттү. Иш-чара Чехия Республикасынын транспорт министри Иван Беднарик баштаган делегациянын расмий иш сапарынын алкагында уюштурулду. Бизнес-жолугушуунун биринчи сессиясында кыргызстандык жана чехиялык компаниялардын өкүлдөрү катышып, B2B жана B2G форматтарында жолугушууларды өткөрүштү.
Иш-чара эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү максатын көздөйт. Сессиянын жүрүшүндө кыргызстандык жана чехиялык тараптардын өкүлдөрү өз компанияларынын ишмердүүлүгү, тажрыйбасы жана кызматташуу багыттары тууралуу маалымат беришти. B2B жана B2G форматтарындагы жолугушуулар бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түз диалог түзүүгө, мамлекеттик органдар менен жеке сектордун кызматташуусун бекемдөөгө жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.
Кыргызстан менен Чехиянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мындай жолугушуулар транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

