Ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилди
- 26 просм.
12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Буга байланыштуу №9 жана №36 Жол тейлөө кызматтарынын кызматкерлери тарабынан жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды.
Урматтуу айдоочулар! Аба ырайынын шарттарын эске алып, унааңыздардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерүүнү өтүнөбүз.
Жол тейлөө кызматтарынын кызматкерлери жолдорду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы