Шалба–Липенко–Жон-Булак автомобиль жолунун Богатырь айылындагы бөлүгү асфальтталууда
- 23 просм.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба–Липенко–Жон-Булак автомобиль жолунун Богатырь айылынын ичиндеги бөлүгүнө асфальт-бетон төшөө иштери кызуу жүрүүдө.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 13 чакырым тилкесине асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күнгө карата жолдун 4,5 километрине асфальт-бетон төшөлдү.
Учурда жол куруу иштерин №35 Жол эксплуатациялоо мекемеси жүргүзүүдө. Иштерге атайын техникалар жана жумушчулар тартылып, бекитилген графикке ылайык аткарылууда.
Ал эми жолдун жаңыланышы аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы