mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Романовка – Камышановка жолунун 5 километрине асфальт төшөө иштери аяктады

Чүй облусунун Сокулук районундагы Романовка – Камышановка автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.

Титулдук тизмеге ылайык, быйыл аталган жолдун 5 километр тилкесине асфальт-бетон төшөө пландалган.

Бүгүнкү күнгө карата № 1 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген иштер толук аткарылып, жолдун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөлдү.

Ал эми жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз каттамды камсыз кылып, айдоочуларга жакшы шарт түзөт.

Өлкө боюнча жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы