mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Сары-Булак–Арчалы–Оруктам жолунун 6–11-километри асфальтталууда

Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айылында Сары-Булак–Арчалы–Оруктам унаа жолунун 6–11-чакырымдар аралыгында жол куруу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында жолдун айрым тилкелеринде жер жумуштары аткарылып, жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.

Буга чейин жолдун 2 чакырым аралыгында асфальт басуу иштери аткарылган.  Учурда калган 3 чакырым тилкеде жер жумуштары жүрүп жатат. Аталган тилкеде жолдун негизин даярдоо, тиешелүү инженердик иштерди жүргүзүү жана кийинки этаптагы курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө.

Курулуш иштеринин жүрүшү тиешелүү талаптарга ылайык көзөмөлдөнүп, жумуштарды белгиленген мөөнөттө аткарууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы