Жумгал районунда 5 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктады
- 29 просм.
Нарын облусунун Жумгал районунда титулдук тизмеде каралган Түгөл-Сай -Лама — Чоң-Дөбө жолунун 5 чакырымдык тилкесине асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Жолдун аталган тилкесиндеги иштерди №24 Жол эксплуатациялык мекемеси жүргүздү.
Ал эми жолдун жаңыланышы менен жергиликтүү тургундардын жана айдоочулардын каттамы кыйла жеңилдеп, жол жүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Буга байланыштуу айыл эли Президент Садыр Жапаровго жана жолчуларга ыраазычылык билдиришти. Алар буга чейин чаң жол менен каттап келишкенин, эми жаңы жол аркылуу жүрүү бир топ ыңгайлуу болгонун белгилешти.
Жолду оңдоо жана куруу иштеринин сапаты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы