mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Контролдоо пункттарында көзөмөл 24/7 режиминде жүргүзүлүүдө

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөмдөрдү жүргүзүү процесси санариптик технологиялардын негизинде автоматташтырылууда. Учурда контролдоо пункттарындагы кырдаал онлайн режимде, 24/7 форматында көзөмөлдөнүп турат. Мындай система процесстерди ыкчам көзөмөлдөөгө, төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылууга, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган.

2025-жылга чейин, айдоочулар тиешелүү төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Учурда айдоочулар төлөмдү түздөн-түз өз алдынча QR-код, төлөм терминалдары же банк карталары аркылуу жүргүзө алышат. Ошондой эле алдын ала төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Айдоочулар жолго чыга электе эле электрондук капчыктар аркылуу тиешелүү төлөмдү жүргүзүп коё алышат.  

Системанын ишке киргизилиши менен казынага түшкөн каражаттын көлөмүндө да өсүш байкалууда. Мисалы, 2019-жылы казынага 64 023 853 сом түшкөн. 2025-жылы бул көрсөткүч 300 275 583 сомго жеткен.  Ал эми 2026-жылдын 10 айында эле казынага 291 070 200 сом каражат түшкөн.

Санариптик төлөм системасы төлөм жүргүзүүнү жеңилдетип, контролдоо пункттарындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги контролдоо пункттарындагы процесстерди санариптештирүү жана төлөм системаларын автоматташтыруу боюнча иштерди мындан ары да улантат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

#ТазаКыргызстан

#МенПараБербейм

#МенПараАлбайм

#ЧестныйКыргызстан