Министрлик менен К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
- 91 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документке Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана колледждин директору Майрамбек Долотов кол коюшту.
Меморандум транспорт жана жол куруу тармактары үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоону өркүндөтүүгө, студенттердин практикалык билим алуусуна жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт.
Атап айтканда, кызматташтыктын негизги багыттарынын катарында студенттердин транспорттук жана жол инфраструктурасынын объектилеринде өндүрүштүк жана квалификациялык практикасынан өтүүсүн уюштуруу, дуалдык окутууну өнүктүрүү, окутуучулардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна көмөктөшүү каралган.
Ошондой эле тараптар транспорт жана жол тармагынын адистерин окуу процессине тартуу, заманбап талаптарды эске алуу менен билим берүү программаларын биргелешип иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, кесиптик сынактарды, семинарларды, конференцияларды жана башка тармактык иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташууну пландашууда.
Мындан тышкары, колледждин материалдык-техникалык базасын, окуу полигондорун, лабораторияларын, автодромун жана компетенцияларды баалоо борборун өнүктүрүүгө, ошондой эле тармактагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана кесиптик кайра даярдоого багытталган иштер жүргүзүлөт.
Ал эми меморандумга ылайык, тараптар биргелешкен иш-чаралардын пландарын жана жол карталарын иштеп чыгышы, ошондой эле практикалык окутуу, дуалдык билим берүү жана башка багыттар боюнча өзүнчө келишимдерди түзүшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, меморандум беш жылдык мөөнөткө түзүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
