Манас – Камышановка автомобиль жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады
- 79 просм.
Чүй облусундагы маанилүү жолдордун бири болгон Манас – Камышановка автомобиль жолунун титулдук тизмеге киргизилген 10 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Жолдун аталган тилкесиндеги иштерди №958 Жол эксплуатациялык мекемеси жүргүздү.
Аталган жолдун жалпы узундугу 32 чакырымды түзөт. Быйыл жолдун 10 чакырымына асфальт төшөө пландалып, белгиленген иштер толук аткарылды. Ал эми жолдун калган бөлүгүнө асфальт төшөө иштерин кийинки жылы улантуу пландалууда.
Жол тилкесин оңдоо жана асфальттоо иштери жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы