Новопокровка – Туз авто жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү
- 82 просм.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка – Туз автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым бөлүгүн асфальттоо пландалган.
Учурда №43 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан тиешелүү иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү.
Жолдун оңдолушу менен жергиликтүү тургундар үчүн каттам ыңгайлуу болуп, айдоочуларга коопсуз шарт түзүлөт. Ошондой эле айылдар менен район борборунун ортосундагы транспорттук байланыш жакшырат.
Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы