Ленин көчөсүнө жаңы светофорлор орнотулду
- 30 просм.
Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында бир катар иштер аткарылууда.
Учурда бул аймакка 8 даана жол чырагы орнотулду. Ошондой эле жол жээктерине лотокторду коюу улантылып, тротуарларды иретке келтирүү иштери жүрүп, жолдун кириш-чыгыш бөлүктөрүн асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, мектептердин жана бала бакчалардын аймагындагы жөө адамдар өтүүчү тилкелерге жол чийимдери түшүрүлүп, тиешелүү жол белгилери орнотулууда.
Аткарылып жаткан иштердин негизги максаты – жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы