Нарын шаарында жол куруу иштери кызуу жүрүүдө
- 139 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жол куруу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди.
Министр Ленин көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышып, жолдун башынан аягына чейин жөө кыдырып, аткарылып жаткан жумуштардын сапатына жана темпине баа берди.
Жалпы узундугу 9 чакырымдан ашык болгон жолдун негизги бөлүгүнө асфальт-бетон төшөлүп, автожол көпүрөсүн капиталдык оңдоо жана жаңы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү куруу иштери аяктады.
Ошондой эле тышкы жарыктандыруу боюнча каралган 18 чакырымдан ашык аралыктын 17,5 чакырымында иштер аткарылды.
Учурда жол боюндагы лотокторду орнотуу, түшмөлөрдү жана кирмелерди асфальттоо, аялдама павильондорун, светофорлорду, бордюрларды жана жол белгилерин орнотуу, ошондой эле жол чийиндерин тартуу иштери жүргүзүлүүдө.
Ишти тездетүү максатында жумушчулардын саны жана атайын техникалар көбөйтүлүп, жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери да тартылды. Учурда объектте 94 адам жана 22 даана атайын техника иш алып барууда.
Талантбек Солтобаев жооптуу жетекчилерге жана подрядчы компанияга иштерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Министр курулуш иштеринде сапат биринчи орунда турушу керектигин белгилеп, кемчиликтерге жана иштин создуктурулушуна жол берилбеши керектигин айтты.
Нарын шаарындагы жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин туруктуу көзөмөлүндө болот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы