Таласта жолдордун курулушу текшерилди
- 148 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Момбеков Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр–Талас–Тараз автомобиль жолунда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Анда министрдин орун басары жол куруу иштеринин сапатына, аткарылып жаткан жумуштардын көлөмүнө жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл буруп, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө жолду белгиленген мөөнөттө сапаттуу пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, курулуш иштеринин жүрүшүндө чаңдын пайда болушун азайтуу максатында чаңдаган аймактарга үзгүлтүксүз суу сээп туруу, ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратпоону жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
