Транспорт министрлигинде алдыда турган маанилүү иш-чараларга даярдыктын жүрүшү талкууланды
- 26 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аппараттык жыйын өтүп, анда тармактын учурдагы абалы, күз-кыш мезгилине даярдык жана алдыда турган маанилүү иш-чараларга карата көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Аппараттык жыйында өлкө аймагындагы автомобиль жолдорунун учурдагы абалы, күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү, жолдорду күтүү жана тейлөө, жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана асфальт төшөө иштеринин жүрүшү, ошондой эле министрликке жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышы каралды.
Министр Талантбек Солтобаев кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыз кылуу үчүн даярдык иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ушуга байланыштуу тиешелүү жетекчилерге жолдорду кыш мезгилинде керектүү туз, жана башка тайгакка каршы материалдардын жетиштүү көлөмүн алдын ала камдоо, атайын жол техникаларын техникалык жактан даяр абалга келтирүү, техникалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, битум сактоочу ямаларды жана тиешелүү инфраструктуралык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, кышка даярдык боюнча бардык уюштуруу-техникалык иштерди өз убагында аяктоо тапшырылды.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан жол оңдоо жана асфальт төшөө иштерине да өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде «Нарын–Баетов» жана «Ала-Тоо Резорт» багытындагы жолдордо, Гүлчө жана Нарын шаарларындагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиленген мөөнөттөрдө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Ошондой эле алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмундагы иш-чараларга байланыштуу бул багытта жолдордун абалын, транспорттук каттамдардын үзгүлтүксүз иштешин жана тиешелүү инфраструктуранын даярдыгын камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.
Мындан сырткары, жол тармагында эмгектенген кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу жана алардын бирдиктүү форма менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Министр Талантбек Солтобаев алдыга коюлган милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүп, ар бир жетекчини өзүнө жүктөлгөн багыт боюнча жоопкерчиликтүү, ыкчам жана натыйжалуу иш алып барууга чакырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
