mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Талас–Тараз багытындагы жолдо асфальт басуу иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Момбеков Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр–Талас–Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Учурда 104,6–197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду реконструкциялоо иштери уланууда.

Долбоордун алкагында жол курууга 220 бирдик атайын техника жана 473 кызматкер тартылган.

Бүгүнкү күндө Талас–Тараз багытындагы жолдо асфальт басуу иштери жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу министрдин орун басары тиешелүү кызматтарга жол куруу иштеринин сапатын камсыз кылуу жана жумуштардын жүрүшүн тездетүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Долбоор толук ишке ашкандан кийин жолдун өткөрүмдүүлүгү жогорулап, жарандар жана транзиттик транспорт үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана сапаттуу жүрүү шарттары түзүлөт.

Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы министрликтин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы