mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Шалба–Липенко–Жон-Булак автомобиль жолунун Кабак–Липенко аралыгына асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба–Липенко–Жон-Булак автомобиль жолунун Кабак–Липенко аралыгында асфальт-бетон төшөө иштери кызуу жүрүп жатат.

2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 13 чакырым тилкесин асфальттоо каралган.

Учурда №35 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери жүргүзүлүүдө. Ишке атайын техникалар жана жумушчулар тартылып, жумуштар бекитилген графикке ылайык аткарылууда.

Жолдун жаңыланышы аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана транспорттук кызматтын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Учурда Ысык-Көл облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.

Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы