Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Түндүк тарабына таштанды урналары орнотулду
- 42 просм.
Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун түндүк тарабында жол жээктеринин тазалыгын камсыз кылуу максатында атайын таштанды урналары орнотулду.
Тактап айтканда, Чаек, Дыйкан, Арал, Сары-Булуң, Арал–Суусамыр жана Кызарт айылдарынын аймагындагы жол жээктерине таштанды салуучу атайын урналар коюлду. Бул иштер жол жээктерин санитардык жактан таза кармоого жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган. Ушуга байланыштуу, айдоочулардан жана жол жүрүүчүлөрдөн таштандыларды жол жээктерине таштабай, атайын белгиленген урналарга салууну өтүнөбүз.
Жол кызматкерлеринин негизги милдети – жолдорду куруу, оңдоо жана тейлөө. Андыктан жол жээктеринин тазалыгын сактоого ар бир жол жүрүүчү өз салымын кошуусу маанилүү. Тазалыкты сактоо – жалпыбыздын жоопкерчилигибиз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


