Нарын – Баетов унаа жолунун курулушу уланууда
- 40 просм.
Нарын районунун аймагындагы 13–38-чакырым аралыгында, Ак-Кыя тилкесинен Куланак ГЭСине чейинки бөлүктө жер жумуштары аткарылып, жолду асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, аталган тилкеде болжол менен 5 чакырым жаңы жол куруу каралган.
Ал эми Ак-Талаа районунун аймагындагы 84–115-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Узундугу 31 чакырымды түзгөн бул тилкенин 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөөгө чейинки даярдык иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, Нарын – Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Аталган жол Нарын жана Ак-Талаа райондорун байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы