Сары-Булак–Соң-Көл унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү
- 97 просм.
Нарын облусундагы Сары-Булак–Соң-Көл унаа жолунун 8,6–13,6-чакырым аралыгындагы жалпы узундугу 5 чакырымды түзгөн тилкеге асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Жумуштар №14 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, сапат талаптары сакталуу менен аткарылды.
Жолдун бул бөлүгүнүн оңдолушу жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, Соң-Көлгө барган туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүгө шарт түзөт.
Учурда Нарын облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.
Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

