Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды. Транспорт министрлигинин коллегиясы өттү
- 143 просм.
Бүгүн, 18-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.
Жыйынга Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев, орун басарлары жана Министрликтин коллегия мүчөлөрү жана министрликке караштуу түзүмдүк мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылып, экинчи жарым жылдыкка карата негизги милдеттер белгиленди.
Анда, жол, темир жол, автомобиль жана суу транспорту тармактарындагы аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилди.
Алсак, биринчи жарым жылдыкта республика боюнча унаа жолдордо асфальт басуу иштери жогорку темпте уланып жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, туристтик багыттардагы жолдордо курулуш жана оңдоо иштери уланууда.
- Чүйдө Арашан–Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлүүдө.
- Ысык-Көлдө негизги туристтик багыттар оңдолууда (Чолпон-Ата айланма жолу, Кырчын жайлоосуна алып баруучу жол, Жыргалаң жана көл жээгиндеги пансионаттарга баруучу жолдор).
- Жалал-Абадда туристтик аймактарга баруучу жолдор жакшыртылууда (Сары-Челек, Арстанбап, Кара-Алма, Кербен жана Ала-Бука багыттарындагы жолдор).
- Таласта Талас–Беш-Таш, Манас–Ордо жана Чыңгыз Ааламы багыттарында иштер жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинети тарабынан министрликтин ишмердигине «эң жакшы» деген баа берилгенин айтты.
Иш-чаранын соңунда министрликке караштуу түзүмдүк мекеме-ишканалардын жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө баа берилип, жыйынтык көрсөтө албаган жетекчилерге эскертүү, сөгүш берүү, айрым жетекчилердин кызмат ордун кароо маселеси коюлду.
Мындан тышкары, алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу, мамлекеттик стратегиялык документтерди жана жарандардын кайрылууларын ( кат түрүндө, соц желелер, басылмалар, түрүндө кайрылган жарандардын маселесин) сапаттуу кароо боюнча бир канча тапшырмалары коюлду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


