mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кант АБЗ (асфальт бетон заводу) унаа жолунун 1–6-чакырымы убактылуу жабылды

Кант АБЗ унаа жолунун 1–6-чакырым аралыгында жол куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелди.

Оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн Кант шаарына өтүүчү айланма жол ачылды. Айдоочулардан жол белгилерине көңүл буруп, көрсөтүлгөн айланма жол аркылуу жүрүү сунушталат. 

Жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Айыл тургундарынан жана айдоочулардан түшүнүү менен мамиле кылып, жол кыймылынын коопсуздугун сактоону өтүнөбүз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы