mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Сыргак Бактыяр уулу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматтык саясат секторунун башчысы болуп дайындалды

Бактыяр уулу Сыргак ротациялоо тартибинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Маалыматтык саясат секторунун башчысы кызматына дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Солтобаев Талантбек Осмонбекович кол койду.

Бактыяр уулу Сыргак буга чейин Мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы, директорунун жардамчысы болуп иштеп, мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүн коомчулукка ачык-айкын жеткирүү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш багытында иштеген.

Жаңы кызматында Сыргак Бактыяр уулу министрликтин маалыматтык саясатын натыйжалуу жүргүзүүгө, министрликтин ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка так жана жеткиликтүү маалымат берүүгө багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы