mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Боз-учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунда курулуш иштери жүргүзүлүүдө

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун курулушунда иштер жүрүп жатат. Жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн жол Ала-Резорт тоо лыжа базасына алып барат. Учурда жолду асфальттоого даярдоо максатында жер жумуштары жүргүзүлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.

Өлкөдө туристтик аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жана Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин көзөмөлүндө бир катар курорттук жана туристтик аймактарга баруучу жолдордо курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин Кырчын жайлоосуна баруучу 35,5 чакырым жол толугу менен асфальтталган. Ошондой эле учурда Арашан – Чуңкурчак унаа жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.

Мындан тышкары, өлкөнүн башка туристтик аймактарына баруучу жолдордо да курулуш жана оңдоо иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы